Украинанын Ички иштер министрлиги Россиянын чабуулунан 7 жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады. Ошондой эле Ингулец дарыясындагы көпүрө урап, 20дай аскер дайынсыз болуп жаткандыгы айтылат.
Ушул тапта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пунктуларына ракеталык октор атылганын ырастады.
Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Учурда эки өлкө ортосунда абал курч бойдон калууда.