Бишкек мэри 10-кичирайондогу турак үйдүн артына кичи сквер курууну сунуштады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 10-кичирайондогу 25-үйдүн жашоочулары менен жолугушууда турак үйдүн артына кичи сквер курууну сунуштады.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкесин муниципалитетке бекитип берилип, ал эми жарыктандыруу иштерин жүргүзүү «Бишкексвет МП» ишканасына тапшырылган.

whatsapp image 2022 02 Бишкек мэри 10-кичирайондогу турак үйдүн артына кичи сквер курууну сунуштады

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында тургундар №25 үйдүн жылуулук системасын оңдоо маселеси боюнча муниципалитеттин башчысына кайрылышты.

Белгилей кетсек, турак жайды жылуулук менен «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК камсыздайт. Ошентип, «Бишкекжылуулуктүйүнүнө» үй комитеттеринин төрагалары менен бирдикте көтөргүчтөрдү алмаштыруу тапшырмасы берилди.

«Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына бак-дарактарды санитардык бутоо жана ирригациялык тармактарды иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Ошол эле учурда үйдүн ичиндеги бардык тосмолорду, өзгөчө уруксаты жок тургузулган тосмолорду демонтаждоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.