ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду

Бүгүн 2022-жылдын 22 февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.35.48 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду

Иш чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын МУА полковник Дамир Алыбаев, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана чакырылган меймандар катышышты.
Ички аскерлердин колбашчысынын МУА полковник Дамир Алыбаев салтанаттуу иш чаранын катышуучуларын куттуктап өттү.


“Учурда Ички аскерлердеги жаңы муун, арадагерлерибиздин даңктуу жолун улантуу жана алардын калтырган осуяты менен кызматын аткарып келишет. Алар өзүлөрүнүн кайраттулугун, кыраакылыгын жана Аскердик антка бекемдигин далилдөө менен мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында кызмат өтөп келүүдө” – деди өз сөзүндө полквоник Д. Алыбаев. Ошондой эле, Ички аскерлердин ардагерлери жана меймандар да жалпы катышуучуларды куттукташты.
Салатанаттуу иш чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМДин Ички аскерлеринин бир топ аскер кызматкерлери грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.35.44 1 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду
WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.35.47 1 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду
WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.35.45 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду
WhatsApp Image 2022 02 22 at 12.35.44 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду


Иш чаранын соңунда, көрүүчүлөргө Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.