Депутат: “Орусия менен Украинаны тынчтык жолуна чакыралы”

Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өз оюбузду билдирели.

Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетининин жыйынында депутат Коргонбай Жусупбек уулу билдирди.

«Тынчтык жолуна чакыралы. Украина жана Орусия СССР учурунда бир мамлекетте 70 жыл жашаганбыз. Кандай болгон күндө да Украина дагы, Орусия дагы боордош элбиз. Бул учурда унчукпай туруп берген туура эмес. Качкындар болуп жатат. Андыктан парламенттин отурумунда өз оюбузду билдирип коёлу», — деди депутат.