Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү

2022-жылдын 21-февраль күнү Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев иш сапары менен Ош облусунда болду.
Алгач Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын адаттагыдай ар дүйшөмбү күнү Мамлекеттик Туу көтөрүү аземине катышты. Туу көтөрүлүп, мамлекеттик гимн аткарылганда Султанбек Жоошбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен тааныштырып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Курсан Камчиевге “Мыкты ардагерлер кеңешинин төрагасы” деген наамды тапшырды.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 16.32.57 1 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү


Ушундай эле наамдарды төрага менен Ош облусунун аймагына кызматтык сапары менен келишкен Нарын ОИИБнин, Жалал-Абад ОИИБнин, Баткен ОИИБнин, Бишкек ШИИББнын жана Ысык-Көл ОИИБнин Ардагерлер кеңештеринин төрагаларына тапшырды.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 16.32.57 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Ош ОИИБдин буйругунун негизинде министрликтин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы менен куттуктап, аталган кызматтын айрым кызматкерлерин министрликтин медалдары жана грамоталары менен сыйлады.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 16.32.58 1 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү


Бул иш-чара салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады. Андан соң Султанбек Жоошбаев жетектеген ардагерлер 2021-жылдын март айында каза болгон Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Токтосун Боркошовдун жаркын элесин эскерүү менен жайбашына айкелин орнотушту жана арбагына арнап Куран аяттарын окушту.

WhatsApp Image 2022 02 21 at 16.32.58 Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү


Токтосун Боркошовдун өрнөктүү өмүрүн келечек муундарга үлгү катары түбөлүк калтыруу максатында анын ысмы Ички иштер министрлигинин музейине калтырылып, ал жөнүндө даректүү фильм жана тарыхый очерктер жазыла тургандыгына токтолушту. Анын кызматтык формасы жана алган сыйлыктары Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын милициянын генерал-майору Базарбай Нурматов атындагы тарых-муйзейине коюла тургандыгы маалымдалды.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын райондук Ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагалары менен жыйын өткөрүп, анда мамлекет башчы жана ички иштер министрлиги тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерине ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берди.


Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы