Кулиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 13 жаштагы кыз зордукталды

18-февралда 2008-жылы туулган жашы жете элек Н.О аттуу кыз Биринчи Май РИИБне арыз менен кайрылган.

Анда 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Кулиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аны зордуктап кеткенин билдирген.

Аталган факт Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн алкагында, кылмышка шектүү аныкталып, 2003-жылы туулган
М.М. аттуу жаран кармалган.

Учурда ал тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ички иликтөө кызматы тарабынан тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Учурда тергөө иштери уланууда.