Айрым мектептерде ысык тамак берилбей калды

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттагандан бери мектептерде окуучуларга ысык тамак берүү маселеси кыйындаганын билдирди.

Ал 21-февралда парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында, азыркы тапта айылдарда 1-4-класстагы ар бир окуучуга ысык тамакка күнүнө 7 сомдон, ал эми шаарларда 10 сомдон бөлүнөрүн, мындан улам тендерге катышууну каалагандар азайганын айтты. Азык-түлүк менен камсыздагандар келбегенин улам, айрым мектептер таттуу токоч (булочка) менен чай гана берүүгө өткөнүн билдирген

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бюджеттен жылына 1 миллиард 600 миллион сом каралганын, көбөйтүү каралып жатканын билдирди, бирок эки эсе көбөйөт деген маалыматты четке какты.

Өлкө башчы Садыр Жапаров өткөн жылдын аягында бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга бөлүнгөн акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган майыптыгы бар адамдардын, улгайган жарандардын, жетим балдардын жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйгөн.

7-канал буга чейин мектептерде акча чогултуу маселеси боюнча бир катар иликтөө, материалдарын жарыялаган. Анда көпчүлүк мектептерде окуучулардын ысык тамагына мамлекеттен бөлүнгөн каражат жетпегендиктен улам, ата-энелердин макулдугу менен алардан кошумча күнүнө 7-10 сомдон чогултулары айтылган.