
6-марттан тарта Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор аба каттамы ачылат.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушкан. Анда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу сөз кылышкан.
Эки мамлекеттин ортосунда аба каттамы ачылды. Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы жумасына бир жолу Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча учат.