Россияда “Профит Сервис Центр” ЖЧКсы Кыргызстандын 21 жаранынын эмгек акысын төлөп берди

Россияда “Профит Сервис Центр” ЖЧКсы Кыргызстандын 21 жаранынын эмгек акысын төлөбөй жүргөн.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 13-октябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин КР жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын 21 жаранынан эмгек акысы төлөнбөй жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.

“Бул маселе боюнча консулдук бөлүмдүн кызматкеринин “Профит Сервис Центр” ЖЧКсынын өкүлү менен жолугушуусу уюштурулуп, жыйынтыгында бардык жарандарга 2 миллион 520 миң рубль өлчөмүндө эмгек акылары төлөнүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.