Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин өлкөдөгү 17 медициналык окуу жай жана факультет жабыла турганын билдирген.
Бул маалымат чыккандан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиевге коркутуулар болуп жатат. Мындай маалыматты министр өзү билдирди.
“Азыр мага олигархтар, миллионерлер чалып алып коркутуп жатышат. Ошон үчүн мен 10 күн мурун эле журналисттер мага жардам бергиле деп айткам. Сабырбек Жумабеков мындай эле, бул жерде 17 миллионер Бейшеналиевди жок кылабыз деп чыгат.
Себеби талапка жооп бербеген окуу жайларды менден башка эч бир министр жаба албайт. Ошон үчүн мени сакташыңар керек. Эгер мен жок болсом бул система кайра эле келет”, – деди Бейшеналиев.