Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 ЖОЖ жабыла турганын билдирген. Ал арада жабыла турган 17 жеке менчик медициналык окуу жайдын (медициналык бөлүм же факультеттер) тизмеси жарыяланды.
Алар:
1.Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);
2. Ала-Тоо эл аралык университети;
3.Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
4. Эл аралык медицина жогорку мектеби;
5. Кыргызстан эл аралык университети;
6. «Салымбеков университет» мекемеси;
7. «Авиценна» эл аралдык медицина университети;
8. ЕУ эл аралык медицина университети;
9. Эл аралык медицина университети;
10. «Роэль Метрополитен Университети»;
11. «АВС» академиясы;
12. Эл аралык медицина жана илим университети;
13. Бишкек эл аралык медицина институту;
14. Илим-изилдөө медициналык-санитардык институту;
15. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;
16.Ош эл аралык медицина университети;
17.Эл аралык илим жана бизнес университети.