Кыргызстанда арматура чыгара турган завод иштей баштады

Модернизациялоонун биринчи этабында «Азия Сталь» ЖЧК кубаттуулугу айына 3 миң тоннага чейин продукцияга даярдалган индукциялык мештин базасында болот эритүүчү цехтин курулушу аяктады, ал арматура заводун чийки зат менен камсыз кылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды. Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын февралында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

 «Азия Сталь» ЖЧК биргелешкен ишканасы кыргыз ишкерлери менен индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясынын катышуусунда түзүлгөн жана РКӨФ колдоосу менен 2021-жылдын июнунда заводду модернизациялоо жана кайра жабдуу иштери башталган.

Болот эритүүчү цехтин ишке киргизилиши ишкананын импорттук сырьёдон көз карандылыгын жойду жана арматуранын өздүк наркын бир кыйла арзандатты. Завод СНиПтин бардык талаптарын жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоо менен курулган.

Модернизациялоонун экинчи этабында чет элдик инвестор —  индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы өндүрүштүк кубаттуулугу айына 15 миң тонна продукцияга чейин жеткен меши менен болот куюучу заводун куруп, ишке киргизет. Темир эритүүчү заводдун курулушун аяктоо 2023-жылга белгиленген.