Викрам Рузахуновдун жана Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду

Казакстандагы башаламандык учурунда кармалган Викрам Рузахуновдун жана Чолпонбек Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

“Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого кабылышы боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Иш адилеттүү, акыйкат каралат деген кепилдик беришти.

Ошондой эле кыйноолор менен иш алып барган органы бар экен. Алар эртеси эле бизге кайрылып, Сыдыковдун абалын сурап, сурак протоколун жүргүзөлө дешти”, — дейт Азарбеков.