Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо турак үйдөн чыккан. Натыйжада үйдүн 25 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып, 1986-жылы туулган Д.Е. атту эркек кишинин жансыз денеси табылган.