
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.
Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. «Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директоруна чейинки дипломатиялык баскычтарынын баарын өткөн.
2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи — кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.