Жездесинин жылкысын уурдап союп сатып жаткан жаран кармалды

04.02.2022-ж. Талас РИИБне Талас районунун Жон-Арык айылынын 1975-ж.т.
С.А. арыз менен кайрылган.

Анда 2022-жылдын 3-февраль күнү саат болжолу
менен 21:30 чамасында жолдошу экөө кошунанын үйүнө барып келгиче, үйдө
байланып турган төрт баш бээнин бирөөсү белгисиз адамдар тарабынан
уурдалып кеткен деп билдирген. Аталган факты РИИБнин кылмыштардын
бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 205(уурулук)
беренеси менен кылмыш иши козголгон.

f0e78743 ae72 4844 b486 eb55f42b95cb Жездесинин жылкысын уурдап союп сатып жаткан жаран кармалды


  Талас ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып
барууларынын негизинде аталган кылмыштын бети ачылган. Кылмышка
шектүүлөр Талас шаарында чогуу бир үйдө жашаган 1987-ж.т. А.Э жана
1986-ж.т. С.А. достор экендиги аныкталган. Андан тышкары, уурдалган
жылкынын ээси шектүүнүн жакын тууганы (жездеси) экендиги такталган.


Иликтөө учурда шектүүлөр уурдалган малды мал союп сатуучу жайга алып
барып, сатып жаткан жеринен милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн.


Учурда алар тергөө бөлүмүндө суракка алынып, тергөө жана иликтөө иштери
жүрүп жатат.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы