“Таластыктар аферисттер” деген сөзгө министр жооп береби? Ага карата арыз жазылды

Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды.

Ал эми Бейшеналиев бул кадамды өзүн пиарлоо деп сыппаттады.

Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөргөн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн эч бир жарандан арыз келип түшпөгөнүн, эгерде маалымат келип түшсө,

Башкы прокуратура текшерүүгө аларын билдирген. Башкы көзөмөл органынын бул сөзүн улай бүгүн Башкы прокуратуранын сайты аркылуу министрдин айткан сөзүнө укуктук баа берилүүсүн талап кылып, онлайн арыз жаздым.

Министр кечирим сурады, бирок анын айткан сөзүнө мыйзамдын негизинде укуктук баа берилиши керек. Анткени ал жөнөкөй жаран эмес, Министрлер кабинетинин өкүлү. Курманкул Зулушев онлайн жазылган жарандардын арыздарына прокуратура бир күндөн кийин байланышып тактайт деп ишендирди», — деп жазды ал.