Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы аксакалдары жаштарды ынтымакка чакыруу керектигин айтышты

WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.25.37 Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек
WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.25.39 Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек
WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.25.36 Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек
WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.25.38 Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек
WhatsApp Image 2022 02 11 at 13.25.36 1 Кыргыз, тажик аксакалдары: Жаштарды ынтымакка чакыруу керек
 Бүгүн, 11-февраль күнү Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын аксакалдары менен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылынын жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту. Бул жолугушууга жалпысынан 150 жакын аксакал катышты. 
 Жолугушуунун максаты эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирип, мындан ары чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүү. Жолугушууда аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдеп, спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну туура көрдү. 
 Бул жолугушуу Баткен РИИБнин жана Исфара-2 РИИБнин жетекчилери аркылуу демилгеленип өткөрүлүүдө. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай,  Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Соманен,  Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп ынтымакка келишкен.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы