Бишкекте жарандын «IPhone 12 Pro Max» телефонун сурап, кайра бербей кеткен кыз кармалды

Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 10-февралда
Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.


17-январь күнү таңкы саат беш жарымдар чамасында кыз өтүп бара жаткан адамдан
телефонун сураган, жаран ага өзүнүн «IPhone 12 Pro Max» телефонун берген.

Бирок кыз смартфонун кайтарып бербей, кетип калган.


Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери
тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Н.Н. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди