Токмоктогу саунадан 13 сойку кармалды

Токмок шаарындагы сауналардын биринде 13 сойку кармалды.

Алар менен биргеликте ишти уюштурган деп шектелген эки аял милиция бөлүмүнө жеткирилгенин Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Токмок шарныда жүргүзүлгөн иш-чарада көңүл ачуучу жайлар аныкталып,
тергөө иштери жүргүзүлүүдө деп билдиришти Булак. кж редакциясына.


Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан кылмуштуулук жана тартип
бузууларды алдын алуу жана мыйзамсыз иш аракеттерди аныктоо жана аларга
бөгөт коюу иштери тынымсыз жүргүзүлүп ккелет.


Анын негизинде Чүй ОИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кызматкерлери тарабынан
2022-жылдын 8-февраль күнү буга чейин козголгон кылмыш иштеринин
алкагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдырынын натыйжасында Токмок
шаарындагы бир нече сауналарды көңүл ачуу жайга айландырып алганы
аныкталган. Сауналардын бирине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кара сумканын
ичинен пневматикалык тапанча жана электрошокер алныган.

Териштирүү
иштеринин жүрүшүндө сауналардан 13 кыз аныкталган. Алар, 26 жаштагы
А.А., 31 жаштагы К.А., 39 жаштагы З.М., 30 жаштагы К.З., 27 жаштагы А.Н.
жана Ш.А., 36 жаштагы К.А., 35 жаштагы К.А. жана С.Ч, 34 жаштагы И.А.,
24 жаштагы Б.А., 34 жаштагы Т.А., 33 жаштагы С.Н. аттуулар болушкан.
Аларды каттоого алуу жана жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн
Токмок шаарынын ИИБүнө жеткирилишкен. Алардан сырткары 1970-жылы туулган
Л.Н. жана 1956-жылы туулган Х.З. аттуу аялдар көңүл ачуучу жайды
уюштурууга шектелип ИИОнун имаратына жеткирилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.