Мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Ал уурдалган малды союп, этин базардан сатып жиберген

Нарын районунун тургуну 1977-жылы туулган Н.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, 2021-жылдын 24-декабрь күнүнөн 25-декабрь күнүнө караган түнү белгисиз себептер менен 1 баш малы (уй) короодон чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтып, табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аталган билдирүү Нарын РИИБү тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын районунун тургуну 1988-жылы туулган Ж.Б. кармалып күүнөсүн толугу менен мойнуна алган. Сурак учурунда шектүү уурдалган малды союп, этин Бишкек шаарындагы базарлардын биринде сатып жибергенин билдирген.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы