Кыргызстандагы кризистик борборлордун, психологдордун берген маалыматтарына жана өз көзүбүз менен көрүп жаткан фактыларга караганда өлкөдө үй-бүлөдөгү аялдарга болгон зордук-зомбулук азайбастан күч алып бараткандай. BULAK.KG сайты бүгүнкү чыгарылышта зомбулук көргөн аялдардын таржымалын угуп көрдү.
Айнура: Күйөөмдүн ур-тепкисинен биринчи балабыз боюмдан түшүп калган
Биздин каармандарыбыздын бири Айнуранын (аты өзгөртүлдү) айтымында күйөөсү чечкиндүү болбогондуктан өз апасы менен эжесине же аялына тарта албай кыйналып, натыйжада зомбулук жолуна өткөн.
“2012-2013-жылдары жолдошум менен жаңы турмуш жолуна аттанганда бардыгы жайында болчу. Экөөбүз тең жогорку билимдүү болгондуктан ортобузда жакшы түшүнүү бар эле. Бирок эрте турмушка чыгып, кайын энесинин кордугун көрүп калган кайын эжем заарын бизден чыгарды. Болор-болбос нерселерден улам эле биздин жашоого кийлигише бергенде жолдошум алгач түшүндүргөнгө аракет кылып жүрдү. Тилекке каршы андан майнап чыкпай, күйөөмдүн чечкинсиздигинен улам дагы зомбулук күчөй берди.
Алгач ур-токмокко кабылганда шок абалында болгом, андан кийин көзүмдөн жаш да чыкпай калды. Ал урабы, согобу же башка зөөкүрлүгүн көрсөтөбү батыраак бүтүп кетсе экен деп чыдап турчумун. Көбүнчө 10-15 мүнөткө созулган мындай сабоо улана берди, бир жумада бир жолу сөзсүз кайталанып калды. Жолдошум менен сүйлөшөйүн деп диалогго барып, жай отуруп турмушубузду талкуулап көрдүк. Макул мындан ары кайталанбайт дегени менен кайрадан эле зомбулук көрсөтө берип, натыйжада биринчи балабыз боюмдан түшүп, ажырашууга туура келди. Кызыгы жолдошум алкоголдук ичимдик колдончу эмес, тамеки да чекчү эмес, туура эмес жолго да барганын көргөн эмесмин”.
Асель: Жолдошум көзүмдү көгөртүп, башымды жерге сүздүрүп сабаган учурлар көп болгон
Жолдошунан кордук көргөм деген каарманыбыз Аселдин (аты өзгөртүлдү) айтымында, алгач андан мыкаачылыгын байкаган эмес, акырындап башталып отуруп чыныгы зомбулукка жеткен.
“Турмушка чыккандан кийин бир жылга жетпей эле жолдошум мага ороңдоп сүйлөп, жеңил түрдө кол көтөрө баштады. Бирок мен анын бул аракеттери чыныгы зомбулукка чейин жетип көп убакытка созулат деп ойлогон эмесмин. Мүмкүн өзүн кармай албай, кыялы кармап калдыбы деп калчумун.
Ортодо эки балалуу болуп калган кезибизде, анын сабаганы дагы катуулай баштады. Көзүм көгөрүп, башымды жерге сүздүрүп салган учурлар каттала баштаганда мен ага физикалык жактан алым жетпей турганын сезип, андан ары чыдабай турганымды билдим. Ата-энем келип мындай кордуктан алыс алып кетишкен.”
Улуттук статистикалык комитеттин көрсөткүчтөрү
Кыргызстандын улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот-медициналык экспертиза бөлүмдөрүнө кайрылгандардын саны 1700 гө жеткен. Ал эми ошол эле үй-бүлөдө зомбулукка кабылгандардын 180ни тез жардам кызматына кайрылышкан. Ошондой эле өлкөдө 15 кризистик борбор иш алып барат. Аларга да кайрылган аялзатынын саны өсүп баратканын айтышат.
Адвокат: Зөөкүрлөргө Кыргызстандагы мыйзам жеңилдетилген
“Сезим” кризистик борборунун адвокаты Ракия Рахматова пандемия башталган 2019-2020-жылдардан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун өскөнүн жана ага карата кылмыш иши кандайча козголорун айтты.
“Чынында эле пандемия башталган убактан бери зордук-зомбулук боюнча фактылар көп катталып, арыздар көбүрөөк түшө баштады. Бизге кайрылган кыз-келиндердин 80 пайызы физикалык жактан зомбулукка кабылгандар.
2021-жылдын октябрь айынча чейин биз Жоруктар кодексинин негизинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча арыздарды карасак, азыркы күндө Укуктарды бузуу боюнча кодекс кабыл алынып, 70-беренедеги үй-бүлөлүк зордук-зомбулук беренеси менен каралат. Андан сырткары бизде денеге залакат келтирүү деген берене да бар, айрым учурларда зөөкүрлөр жабырлануучунун колу-бутун сындырып, оор жаракат бериши мүмкүн. Ошол залакага карап, натыйжада кылмыш иши козголуп келет.
Бул эң туура эмес көрүнүш. Арыз жазылгандан кийин зомбулукка туш болгон келинге убактылуу коргоо ордери берилет. Анда зөөкүр адам үйдү бошотуп бериши керек же 30 күн бою жабыр тарткан аялдын жанына жолобошу керек деген тыюулар бар. Бирок ал мөөнөт аягына чыга электе кайра үйүнө кайтып барып, ур-соккуларын уланткан учурлар да катталып турат. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары бузулганда зөөкүр мыйзам менен жооп бериши керек. Бирок бул пункттар учурда толук кандуу иштебей жатканы анык.
Мындан улам кээ бир кыз-келиндер мыйзамга ишенбей турганын айтып, ызы-чуулардан алыс болгусу келет. Тергөөчүлөр да эки тараптын ортосуна түшүп жараштырганга аракет кылган учурлар катталып калат.
Бизде дал ушул зордук-зомбулук көрсөтүүнүн натыйжасында камалып кетти дегендер дээрлик жок. Менин практикамда андай учурду көргөн эмесмин. Буга башкы себептердин бири аялдардын күйөөлөрүнө экономикалык жактан көз каранды болушу”.
Психолог: Ата-энелер тарбияны бир гана кызына эмес уулдарына да бериши керек
Кризистик борборлор ассоциациясынын психологу Рахат Исмаилова жардам көрсөтүүчү ыкчам топ менен иштеп, жан кейиткен түрдүү окуяларга күбө болуп келет.
“Мен ыкчам жардам көрсөтүүчү топто иштейм. Күндүр-түндүр милиция кызматынан кайрылуу келип түшкөндө жетип барабыз. Зомбулукка туш болуп, үйүнөн чыгып кеткиси келген аялдар көбүнчө милицияга барып арыз жазышат. Балдары, колундагы оокаты менен качып чыккан учурларда биз барып убактылуу баш калкалоочу жай – муниципалдык кризистик борборго жеткиребиз.
Зордук-зомбулук кылган эркектерге карата биз коррекциялык программанын негизинде да иштейбиз. Андай кишилердин жүрүм-турумун оңдой албасак, бир аял менен ажырашкан соң башкасы менен баш кошуп, баягы кылык-жоругу улана берет. Алардын арасында 30-35 жаштагы жигиттер көп болгондуктан, колдон келишинче жардам берип келебиз.
Көбүнчө мындай иштер сотко келип токтоп калат. Укук коргоо органдарынын мүчөлөрү жабыркоочуга “колуңдан эч нерсе келбейт экен, барып жашай бер” деген сөздөрүн айтып басмырлап да коюшат. Андай учурда жабыркаган аялзаты колундагы балдарын кантип багарын ойлонуп, айласыздан артка кайтып барган учурлар көп. Мындай аялдар үчүн биздин эшик дайым ачык, күйөөсүнө кайтып барган учурда да кабыл алабыз.
Зомбулуктун экономикалык, психологиялык, сексуалдык жана физикалык түрлөрү болот. Психологиялык басым болгон жерде сөзсүз калган түрлөрүнүн бардыгы кездешет. Аялын башкалар менен салыштырып, басмырлап отуруп көңүлүн чөктүргөн эркектер көп. Менимче ата-эне балдарын тарбиялап жаткан кезде бир гана кызына жол көрсөтүп чыдамкай болууга үндөбөстөн, уулдарына да туура тарбияны жетиштүү деңгээлде бериши кажет”.
“Сезим” кризистик борбору жабыркагандарды социалдык үйү менен убактылуу камсыздайт
Бишкекте жайгашкан “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында аларда 20 адам кызмат кылып, жабыркагандарга түрдүү жардам көрсөтөт. Кыйын абалга туш болуп кайрылган аялдарга атайы 25 орундуу социалдык үйдөн убактылуу орун берип көмөктөшөт.
“Биз бул кризистик борборубузду коомдук уюм катары биринчилерден болуп ачканбыз, иштеп жатканыбызга 25 жыл болду. Бул турмушта ар бир жандын өз вазийпасы болгондой эле, биздин уюмдун башкы миссиясы – үй-бүлөдөн, сексуалдык басмырлоодон, адам сатуудан жабыр тарткандарга жардам берүү.
Биздин борборго Кыргызстандын булуң-бурчунан жардам сурап кайрылгандар көп кездешет. Колубуздан келишинче аларга көмөк көрсөтөбүз, бирок дайым эле бардыгына жетишүү мүмкүн эмес. Ошондуктан региондордон чалып калгандар болсо, ар бир облуста иштеген уюмдардын даректерин берип, багыт көрсөтүп турабыз.
Азыркы маалда кыргыз тилинде психологдор даярдалып жатканы менен практикага келгенде жетишпестик байкалып турат. Ошондой эле жабыр тарткандарды сотто коргогон адвокаттардын саны да аз. Маселен, учурда биз 10 кылмыш иши боюнча ишти алып баруудабыз, алар зордуктоого жана өлүмгө алып барууга түрткөн маселелер.
Балдары менен көчөдө калып телефон аркылуу кайрылган учурлар да кездешет. Үйүндө эмне кийип жүрсө ошол кийими менен качып чыгууга мажбур болгондор, же куулуп чыккандар да болуп калат. “Же мен өлтүрөм же мени өлтүрөт” деп байланышкандардын тагдыры чындыгында жан кейитет. Мындай абалга кептелгендерге бизде атайы убактылуу кармоочу жайыбыз – 20-25 орундуу социалдык үйүбүз бар.
Буга чейин Кыргызстанда бейөкмөт кризистик борборлор иштеп келген. Мамлекет аларга дээрлик эч кандай жардам берчү эмес. Бирок 2021-жылы Бишкекте эң алгачкы «Аялзат» муниципалдык борбору ачылган. Анда аялдар адистерден жардам ала алышат. Аны менен катар, «Аялзатта» башпаанекке муктаж балалуу аялдар үчүн 60 орун каралган.
Кыргызстандагы кризистик борборлордун даректери жана байланыш телефондору
№ | Борбордун аталышы | Жетекчиси | Даректери | Телефондору | Электрондук даректери |
1. | «Шанс» Кризистик борбору | Ткачева Елена Александровна | Бишкек шаары, Чуй проспектиси 207, к.509 | (709) 710320 | eltkacheva@gmail.com |
2. | «Сезим» Кризистик борбору | Рыскулова Бюбюсара Рахматовна | Бишкек шаары, Табышалиева, 3 | (312) 51 26 40 | sezim2008@gmail.com |
3. | «Энсан – Диамонд» Коомдук бирикмеси | Капарова Джамиля Мурзаевна | Ош шаары, Ленина көчөсү, 205/105 | (772) 328960(3222) 2 2965 | kaparovaj@gmail.com |
4. | «Акылкарачач» при ОО «Эне назары» Кризистик борбору | Абдылдаева Октомкан | Ош облусу, Алай р-ну , Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1 | (555) 28 14 23(776) 28 14 23 | ene-naz@mail.ru |
5. | «Аруулан» Кризистик борбору | Ештаева Наргиза Жолуевна | Ош шаары, Ленина көчөсү, 205 | (776) 380777(3222) 5 56 08 | ayalzat97@mail.ru |
6. | «Ак журок» Кризистик борбору | Асилбекова Дарийкан | Ош шаары, Ленина көчөсү, 205 | (550) 23 13 29(3222) 4 59 76 | kjurok01@gmail.com |
7. | «Мээрбан» Кризистик борбору | Борпиева Гулипа | Ош шаары, Ленина көчөсү, 312/23 | (773) 84 34 61 | bga6661@mail.ru |
8. | «Тендеш» Кризистик борбору | Саякбаева Света | Нарын шаары, Кыргыза көчөсү, 31/3 | (700) 257890(3522) 5 02 70295047 | ngo-tendesh@rambler.ru |
9. | «Маана» Кризистик борбору | Турукманова ЗаринаАнарбековна | Талас шаары, Тагайбаева көчөсү, 274/2 | (557) 48 47 13 (3422) 5 58 85 | ayalzat@mail.ru |
10. | «Жаныл Мырза» Кризистик борбору | Мамбетова Токтокан Бекиевна | Баткен шаары, Сыдыкова көчөсү, 3 | (777) 39 30 77 | Kalybek2003@mail.ru |
11. | «Каниет» Кризистик борбору | Нуракова Мимоза | Джалал-Абад шаары, Б. Осмонова көчөсү, 113 | (3722) 5 50 84 | mnurakova@mail.ru |
12. | “Аялзат – развитие женских инициатив” Коомдук бирикмеси | Асанбаева Дарика | Каракол шаары, Абдрахманова көчөсү, 105-14 | (03922) 51091,(553) 835717 | ayalzatdarika@mail.ru |
13. | «Алтынай» Кризистик борбору | Айнабекова Жыргал | Чолпон-ата шаары | (709) 694550 | altynai1951@mail.ru |
14. | «Мээрман» Кризистик борбору | Эмиль кызы Майрам, Директор | Каракол шаары | (706)383637 | mairamisykkul@gmail.com |
15. | «Химая» Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору | КоординаторЛичаню Мария Женишбековна | Каракол шаары | (702) 223535 – горячая линия(551) 733 390 | ulukmandaryger@gmail.com |