Башкы прокурор: “Арыз түшсө министрдин сөздөрүн иликтейбиз”

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктарга карата айткан сөзү боюнча берилген журналисттин суроосуна жооп берди.


“Министрдин таластыктарга айтылган сөзү боюнча эч кимден арыз түшкөн жок. Коомчулукта кастыкты, басмырлоону камтыган маанидеги сөздөр айтылса сөзсүз түрдө биз иликтеп карайбыз.

Кызматтагы же бийликтеги адамдар менен жөнөкөй жарандарды болуп карабайбыз. Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек”,- деди.