Курмангазы Азыкбаев: Реформа жасалбаса, үй-бүлөм менен митингге чыгам

Бүгүн, 8-февралда белгилүү музыкант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Маданият министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыкты.

Ал маданият тармагына да реформа керек деген талапты койду.

Azykbaev 1024x576 1 Курмангазы Азыкбаев: Реформа жасалбаса, үй-бүлөм менен митингге чыгам

Анын айтымында эл аралык аренада ырчылар бир эле эстрада эмес операда да ырдоосу керек жана 5-6 аспапта ойношу абзел деген пикирде.

Композитордун айтымында ротация жолу менен маселени чечпей, башка кадрларды алып, реформа жасоо керектигин айтты.

Ал ошондой эле кыргыз эли “Кошкин домду” жана башка спектальдарды эле коюп калганын айтты. Ошондой эле ал маданият тармагы аксап жатканына нааразы болду.

Реформа жасалбаса ал бала-чакасы менен митингге чыгаарын кошумчалаган.

Митингге жалгыз чыккан композитор алып келген аспабын сындырып алды.