Маевка айылында жайгашкан кампадан өрт чыкты

Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 15:32де чектөөгө алынган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жеринде абалды көзөмөлгө алууда.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.