
Ысык-Көлдө пансионатта коттедж толугу менен күйүп кетти.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы каарлайт.

Маалыматта жазылгандай, ӨКМдин Өрткө каршы-куткаруу кызматы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж» пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы котеджде чыккан өрттү өчүрүштү.

Маалыматка ылайык, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен.
Жеринде № 39 ӨК-КБдан 2 бөлүм иш алып барып, өрттү саат 16:57де чектөөгө алуу менен толук түрдө саат 18:27де өчүрүштү.
Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.