Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштурган аял кармалды

Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43-жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-февралынан 5-февралына караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан ИИБнө жеткирилген.

Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы С.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.