Милиция окуучуларга баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертти

ИИМ: Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертишти

2022-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Свердлов районунун ИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын №38 мектебинин окуучулары үчүн алдын алуу боюнча маек өткөрүштү.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 13.15.44 2 Милиция окуучуларга баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертти


Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери милициянын подполковниги Чолпон Табалдиева окуучуларга кызматтын негизги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 13.15.44 1 Милиция окуучуларга баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертти


Мындан тышкары, балдарга психоактивдүү заттарды колдонуунун медициналык, социалдык жана укуктук кесепеттери тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн каралган жоопкерчиликтер жөнүндө атайын даярдалып тартылган социалдык жана алдын алуу мүнөздөгү видеотасманы көрсөтүштү.

YouTube video


Иш-чаранын соңунда окуучуларга алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштоо, өздөрүн өркүндөтүү, сергек жашоо мүнөзүн кармануу тууралуу каалоо-тилектер айтылды.

WhatsApp Image 2022 02 04 at 13.15.44 3 Милиция окуучуларга баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө эскертти

ИИМдин Басма сөз кызматы

YouTube video