Болот Темировдун ИИМге каршы жазган арызы Бишкек шаардык прокуратурасында

Журналист Болот Темиров Башкы прокуратура анын ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршы жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөткөнүн билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына башкы көзөмөлдөөчү органдан келген катты жарыялады.

Өткөн айда Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

Ташиев менен анын жакындары бул маалыматтарды четке каккан.