«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Отурумдун күн тартиби:
1. «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы.
Баяндамачы: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович.
2. Тажикстан Республикасы менен чек арада 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн аскердик кагылышуунун кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшү жана андан аркы эскалацияга жол бербөө маселеси.
Баяндамачы: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович.
3. Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактардагы кырдаал.
Баяндамачылар: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев Абдикарим Карбекович, УКМКнын өкүлү;
4. Ош облусунун Ноокат райондагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж айрым унаа жолдорго байланыштуу маалымат.
Баяндамачы: Транcпорт жана коммуникациялар министрлиги;
5. Бишкек – Исфана – Бишкек каттамы боюнча түз авиабайланыштар.