
Чүйдө турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана үй эмеректери күйүп кеткен.
Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Л.Л. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Учурда өрттүн себеби такталууда