
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.