Жол фонду боюнча мыйзам долбоорлору талкууланууда

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Жол фонду жөнүндө» Мыйзам долбоорлорун талкуулоодо.

Парламенттик жыйын депутат Бактыбек Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдар, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорлору 6-чакырылыштагы депутаттар тарабынан биринчи окууда кабыл алынганын эске салды.

Бирок, талкуулардын жүрүшүндө көптөгөн сын-пикирлер, сунуштар түшүп, алар экинчи окууда каралмак болгон.

Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун негизги максаты жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо болуп саналат. Бул жол тармагын өнүктүрүүгө жана тышкы карызды тейлөөгө мүмкүндүк берет.