Кыргызпатент Россия интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен бирге вебинар өткөрдү

Бүгүн, 28-январда Кыргызпатент Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен бирге “Интеллектуалдык менчик боюнча билим берүү программалары” аталышында вебинар өткөрдү. 

Вебинар Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын, инновациялык мектептеринин, балдар чыгармачылык борборлорунун өкүлдөрү үчүн уюштурулду. 

Саламдашуу сөзү менен Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева, Роспатенттин жетекчиси Г. Ивлиев жана РМИМАнын инновациялык өнүктүрүү жана илим боюнча проректору М. Евдокимовалар чыгып сүйлөштү. 

1 7 Кыргызпатент Россия интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен бирге вебинар өткөрдү
2 6 Кыргызпатент Россия интеллектуалдык менчик академиясы (РМИМА) менен бирге вебинар өткөрдү

Катышуучулар РМИМА ишмердиги, анын түзүмү, студенттер, магистранттар жана аспираттарга арналган билим берүү процесстери менен таанышып, Кыргызпатенттин “Интеллектуалдык менчик” багыты боюнча окутуу программалары тууралуу кенен маалымат алышты.