“Kaktus media” маалымат агенттигинин алдында митинг болуп жатат

“Kaktus media” маалымат агенттигинин имаратынын алдында агенттик жабылсын деген пикирдеги адамдар чогулуп, “Элдик көзөмөлдөн” болобуз, башкы редактору чыгып жалган маалымат таратканы үчүн жооп берсин деп талап кылышууда.

b97db8c5 d8a2 4dde 986f b58158ff3f34 "Kaktus media" маалымат агенттигинин алдында митинг болуп жатат


Андан сырткары Баткен облусундагы чек ара маселелери чечилсин деп келгендер да бар. Алар “Кактустагы” маалыматтарды окубаганын айтып, чек аранын чечилишин талап кылабыз дегендер.


Ошондой эле коомдук активистмин дегендердин бири аталган маалыматтан сырткары бул сайттан эч нерсе окубай турганын айтты.
Учурда аталган медианын алдында нааразычылыгын билдирген 6-7 адам болсо, калгандары чагылдырууга келген журналисттер.


Эскерте кетсек, 27-январда “Kaktus media” Тажикстандын “Asia Plus” маалымат каражаты чек арада болуп жаткан кырдаалды өз элине кандай түшүндүрүп жатканы тууралуу алардын маалыматын шилтеме берүү менен чыгарган.
Бул маалымат менен айрымдар таанышкан соң, кыргыз маалымат каражаты тажик тараптын кызыкчылыгын көздөп жатат деп айыпташкан. Андан соң 28-январда редакциянын алдында митинг болору тараган.


Редакция өз кезегинде ал маалыматты таратууда кененирээк, жеткиликтүү кылып элге түшүндүрө албаганы үчүн кечирим сураган.