Чек арадагы чатакты эки тараптуу комиссия иликтемей болду

Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди.

Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек.

WhatsApp Image 2022 01 28 at 13.22.45 Чек арадагы чатакты эки тараптуу комиссия иликтемей болду

“Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат», — деди ал.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган.

Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.010000