Бишкектеги 13 мектеп кадимки режимде окуй баштайт

Дүйшөмбүдөн тарта Бишкектеги 13 муниципалдык мектеп кадимки режиминде окууга кайтып келет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, No17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38-мектептер 31-январдан тарта салттуу окуу форматка өтөт.

Учурда 23 мектеп, ошондой эле №135, 148, 61 бала бакчалар онлайн режиминде билим алууда.