Тажик тарап белгисиз себептерден улам Ош—Баткен—Исфана жолун жаап салганын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев билдирди.
Анын айтымында, адамдар топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Маалыматты тактап баштаганыбызда, тажик тарап биз менен макулдашпай, алдын ала эскертүүсүз эле чек ара тилкесинде курулуш иштерин баштаганы белгилүү болду.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, элдин тынчын албоо, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Эскертүүлөргө карабай, эмнегедир ошол жерде жашаган тургундар жолго чыгып, тосушту», – деди ал.
Ошондой эле Туллаев президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, райондун акими жана айыл өкмөт башчысы жеринде экенин билдирди.
«Сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдогу кыймыл калыбына келтирилди. Бирок 10 мүнөттөн кийин атышуу башталды. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жеринде болуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чек ара аймагында жашаган элди эвакуациялаганга даярдык көрүп жатабыз», – деди ал.