Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар анын талапкерлигин колдогон эмес.