
Электр жарыгынын жоктугуна байланыштуу, Бишкек шаарынын жолдорунда коопсуздукту камсыздоо үчүн Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын бардык өздүк курамы жолдордогу жол кыймылын жөнгө салууда.

Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууну суранат!

ИИМдин Басма сөз кызматы