Бул тууралуу бүгүн, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйында айтты.
“Жарыктын өчүшү кыргыз тараптын мүчүлүштүгүнөн болгон жок. Акыркы кырдаал боюнча комиссия түзүлүп, иликтенет. Анын жыйынтыгы киийн жарыяланат”, — деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, 25-январда Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болуп, түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчтү.