Токмоктогу балыктардын массалык кырылышына эмне себеп болгон? Жооп

Токмоктогу балык чарбаларындагы балыктардын ылаңына бир клеткалуу мите себеп болду.

Бул тууралуу ветеринар Абай Букушов маалымат жыйынында айтты.

“Негизи абал өзү жөнөкөй. Алгач анын себебин билбей жатканбыз. Бул ооруну биринчи жолу 29-декабрда байкадык. Фермерлерден балыктар өзүн жакшы сезбей, сүзө албай жатат деген чалуулар түшүп баштады. Биз фермерлерге барып изилдеп баштадык. Алдын ала диагнозу аныкталды. Анда бир клеткалуу жөнөкөй организм (мите) экени белгилүү болду. Азыркы учурда орчундуу деле көйгөйлөр жок.

Чарба курууда өзүнүн технологиясы (сууну киргизүү, чыгаруу, кислородду берүү) болот. Ошол технологияларды кармабаган чарбалар ушундай ооруга чалдыкты. 2-3 күндө чарбалар калыбына келтирилген”, – деди ал.

Эске салсак, буга чейин Токмокто форелдер массалык түрдө өлүп жатат деген маалыматтар тараган.