Эмне себептен Идрис Кадыркуловду Украинага элчи кылуу керек?

Алмаз Батилов – атайын Bulak.kg үчүн

Бүгүн мурдагы премьер-министр менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркуловдордун элчи кызматы тууралуу ЖКда каралууда.

Окурмандарга эмне үчүн Кадыркуловду дал ушул Украинага элчи кызматына дайындоо себептери айтылды:

1) Ал 1994-жылдан тартып Сырдуу бөлүмдө («Семерка») иштеп, ал алгач эң ылдыйкы тепкичтен эмгек жолун баштаган.

2) 1998-жылы Куралдуу күчтөрдүн атайын окууларын ийгиликтүү тапшырып, УКМКнын Чүй, Бишкек, Баткен облустарында кызмат өтөгөн. 2018- УКМКнын анализ жана прогноздоо бөлүмүндө жетекчи, кийин УКМКны төрагасы болуп иштеген. Кадыркулов Кыргызстандын жана ССРдин белгилүү чалгынчысы, генерал Жумабек Асанкуловдун алдында иштеген жана андан тажрыйба алган.

3)2019-жылы УКМКнын жетекчилигин тапшырган, себеби Мамкаттоо өткөргөн биометрикалык паспортторго тиешелүү болгон.

Ушул эле иш боюнча «Инфокомдун» жетекчиси Талант Абдуллаев, статс-секретарь Данияр Бакчиев, Каттоо кызматынын орун басары Руслан Сарыбаев иштен алынган. Ал эми ошол убактагы Мамкаттоо жетекчиси Алина Шаиковага иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Тергөө иштеринде Кадыркулов буга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталган.

4) Аналитиктер белгилегендей, Идриса Кадыркуловдун кызматтан кетишине IT-сектор жана жеке ишкерлер түрткү болгон. Кадыркулов швейцариялык КБА Nota Si компаниясы Кыргызстанда басмакана ачуу демилгесин коргогон, ал компнаия Кыргызстанда паспорттторду, баалуу кагаздарды жана облигацияларды чыгармак. Учурда Кыргызстан акча чыгаруу үчүн миллиард акча каражатынын сарптап жатат.

Мындай жагдай менен ар кандай бизнесмендер депутаттардын билимсиздиги менен пайдаланып, IT-технология адистери аларга кошулуп Кадыркуловду жумуштан алып салганга да жетишкен.

Эмне себептен Кадыркуловду Украинага элчи кызматына дайындоо керек?

  1. Россия жана Батыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары туш келген Украина сыяктуу өлкөдө, Кадыркулов сыяктуу чекист-аналитик керек, ал баардык маалыматтарды «Борборго» айтып турат. Ошондой эле, ал Украинадага бардык геополитикалык ийкемдүүлүктөрдү кабарлап турат

2) Кыргызстандын башка мамлекеттердеги элчиликтери тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгынан улам, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чыр-чатактар басылбай келет.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети бүгүн, 24-январда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына сунушталган талапкерди карайт.