
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров эртең, 25-январь саат 15:00гө Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.
Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин бир нече жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берди. Ал Төрт-Көчө тилкеси боюнча 2009-жылы кол койгон протоколго байланыштуу тергелүүдө.