Кыргызстандын медиа коомчулугу иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына, анын кеңсесинин тинтүүгө алынышына жана кеңседен күч менен чыгарылып кетишине терең тынчсыздануусун жана нааразычылыгын билдирет.
2022-жылдын 22-январь күнү журналистика тарыхында Кыргыз Республикасында иликтөөчү журналисттерге күч колдонулган, журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук жөнүндө мыйзамдардын бардык ченемдери бузулган күн катары калат.
Бул жагдайлар КР Конституциясы, сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги жөнүндө улуттук мыйзамдар менен кепилденген журналисттердин укуктары Кыргыз Республикасында сакталбай жатканын көрсөтүп турат.
Өлкөнүн негизги мыйзамы цензурага түздөн-түз тыюу салат. КР Конституциясы ар бир адамга өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укугун кепилдейт (32-берене). Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат (10-берене). “Журналисттердин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” КР Мыйзамында журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетүүсүнө чек коюуга жол берилбей турганы белгиленген (4-берене).
Кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат. Сын материалдарды жарыялаганы үчүн журналистти куугунтуктоого жол берилбейт. Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, ал кесиптик ишин жүзөгө ашырып жатканда аны коргоону камсыз кылат.
Бирок, жогорку кызматтагы, атүгүл өлкөнүн күч түзүмүн жетектеген мамлекеттик кызматкерге байланыштуу журналисттик иликтөө жарыялангандан кийин дароо эле укук коргоо органдарынын тергөө амалдарын жүргүзгөнү мындай иш-аракеттердин чыныгы мотивдери тууралуу суроолорду жаратууда.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан кабарлардан белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери атайын багыттагы отряд менен Болот Темировдун кеңсесине кирип барып, ошол жердеги бардык журналисттерди жерге жаткырышкан. Көп өтпөй Болот Темировдун чөнтөгүнөн жашыл түстөгү белгисиз затты алып чыгышкан. Болоттун өзүнүн айтымында, эки кызматкер аны көмкөрөсүнөн жаткырышкан, ошол маалда аларда журналисттин шымынын арткы чөнтөгүнө жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу, дал ошол чөнтөктөн жашыл түстөгү зат салынган баштыкты алып чыгышкан.
Ошондой эле интернет-басылмалары Б.Темировдун кеңсесинин кызматкерине шилтеме берип жарыялаган маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары Адылбек кызы Айпери аттуу жаран “баңгизат колдонууга мажбурлады” деп Болот Темировдун үстүнөн арыз жазганы үчүн келишкенин айтышкан.
Албетте, баңгизатын сактоо жана таратуу кылмыш болуп саналат. Бирок Б.Темировду баңгизаттарды сактоого жана таратууга шектүү катары кармоо одоно мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн. Эгерде кимдир бирөө Болот Темировду кылмыш жасаган адам деп көрсөтсө, Болот Темировго чөнтөгүндөгү болгон нерселерди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек болчу. Бирок кеңсе кызматкерлеринин айтымында, жеке тинтүү Болот Темиров иш жүзүндө кармалгандан кийин жана аны милиция кызматкерлери көмкөрөсүнөн жерге жаткыргандан кийин жүргүзүлгөн.
Бул жагдай Болот Темировдо жашыл түстөгү заттын бар болгону күмөндүү экенин ачык көрсөтүп турат.
Мындан тышкары, Болот Темировдун кеңсесинде видеокөзөмөл камералары болгон, кеңседе тинтүү жүрүп жаткандыктан милиция кызматкерлери да видеокамера менен кириши керек болчу. Бирок журналисттер маалымдагандай, милиция кызматкерлери көзөмөл камераларындагы катуу дисктерди чыгарып, өздөрү менен кошо ала кетишкен. Эмне үчүн? Мунун ишке кандай тиешеси бар?
Милиция кызматкерлеринин андан аркы иш-аракеттери логикага жатпайт. Журналистти кармоо баңгизатына байланыштуу факт боюнча жүргүзүлгөнү менен, кеңседеги компьютерлер, оргтехника, аппаратура, видеокөзөмөл камераларынан катуу дисктер алынган.
Оргтехниканын баңгизатына кандай тиешеси бар? Же “балким, дал ушул оргтехника жашыл түстөгү заттын пайда болуусуна себепчи болдубу?” деген суроо туура болобу?
Эгерде кимдир бирөө Болот Темировго баңгизат таштап койсо, анда күч органдары журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуунун эң катаал түрүн тандап алган.
Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү аны кармоонун жыйынтыгы болгондугун жокко чыгарбайбыз. Журналисттин соңку иликтөөлөрүндө жогорку кызмат адамдары, анын ичинде күч түзүмдөрүндөгү кызмат адамдары тууралуу сөз болгон. Б.Темировдун кармалышы ошол материалдарда айтылгандарды цивилизациялуу жол менен жокко чыгарууга мүмкүн эмес дегенди түшүндүрүшү мүмкүн.
Журналист кармалган учурдан тартып тергөө амалдарына адвокатсыз катышууга мажбурланганы, ага укук коргоо органдары адвокатты киргизбегени адам укуктарын жана эркиндиктерин одоно бузуу болуп саналат. КР Конституциясына ылайык, кармалган ар бир адамга кармалышынын жүйөлөрү жөнүндө эч кечиктирилбестен билдирилиши жана анын укуктары түшүндүрүлүшү керек. Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынат, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк, ошондой эле медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укук берилет (59-берене).
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы журналистти кармоонун мыйзамдуулугун, кармоонун иш жүзүндөгү жагдайларын, арыз ээсинин көрсөтмөлөрүнүн аныктыгын текшерип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде баңгизат боюнча иштин алкагында кеңседен оргтехниканы чыгарып кетүү, Болот Темировго адвокатты киргизбөө маселелерин карап чыгууга тийиш.
Коомчулуктун кызыгуусуна жана журналисттин статусуна карабастан укук коргоо органдары так жана толук маалымат бербей жатканы тынчсыздандырат.
Болот Темиров иликтөөчү журналист болгондуктан, анын кармалышы жөнүндө маалымат жана кармоо үчүн негиз болгон жагдайлар коомдук кызыкчылыкты жараткан тема болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Болот Темировду кармоонун жана тергөө амалдарын жүргүзүүнүн негиздүүлүгү жөнүндө толук маалыматты, ошондой эле арыз жазган жаран Болот Темиров менен кайсы жерде жана кандай жагдайларда көрүшкөнү, муну кантип тастыктай алаары тууралуу түшүндүрмөлөрдү чукул арада берүүнү талап кылабыз.
Бардык жагдайларды эске алып, медиа коомчулугу Болот Темировду камактан бошотууну талап кылууда. Бул талаптар этибарга алынбаган учурда медиа коомчулугу Кыргыз Республикасы мыйзам ченемдерин, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка, Адам укуктарынын Жалпы Декларациясына ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди одоно түрдө бузуп жатканын көрсөтүү менен адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур болобуз.
Тизме:
ОФ «Институт Медиа Полиси»
Фонд расследовательской журналистики
ИА «24.kg”
Фонд МедиаКонсалт
Kaktus.media
Центр медиа развития
Авланбек Джумабаев
Издание «ПолитКлиника»
Дилбар Алимова
Айгуль Бакеева
Тынымгуль Эшиева
Учреждение «Азаттык Медиа»
Салима Капар Фонд Сорос-Кыргызстан
Независимый союз журналистов
Вести.kg
Гладис Темирчиева
Семетей Аманбеков, bulak.kg
Эркин Рыскулбеков
ОО «Журналисты»
Марат Токоев
Динара Суймалиева
dobulbas.media
GovoriTV
Гульзат Газиева, представитель ОО “Журналисты” г. Ош