Temirov LIVE каналынын журналисттеринин кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышууда.
Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери билдирип, бул журналисттик ишмердүүлүк менен байланышта экенин айтышууда.
Алдын ала маалыматка караганда, укук коргоо органдары Адылбек кызы Айпери аттуу жарандын арызынын негизинде кеңсени тинтип жатышат.
Temirov LIVE YouTube-каналынын менеджери Айжан Алымсеитованын айтымында, укук коргоо органдары алгач адвокатты дагы киргизбей, кармап турушту. Кызматкерлерге психологиялык басым жасалган.
Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кеңсеге 19:15терде киргенин билдирди. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатат.