
Белгилүү коомдук ишмер, телеалыпбаруучу Ассоль Молдокматова турмушка чыгат. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасында билдирди.
Молдокматованын эки уулу бар. Ал мурда спортчу Алмазбек Раимкуловго турмушка чыгып, ажырашып кеткен.
Болочок жолдошунун ысымы – Бекназар Жамангараев. Кесиби боюнча программист.
Ал Google, Apple, Motorola, Yahoo- компанияларында иштеген мыкты адис экени белгилүү.
Молдокматованын сүйүктүүсү да социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, “Мен жана сүйүктүүм Ассоль Молдокматова. Биз бактылуубуз, сүйүүгө, кыял-үмүттөргө толуп турабыз. Биздин сүйүүбүз баарын жеңет!”, — деп жазган.
