Тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Бул тууралуу 19-январда Казакстан Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Олжас Хусаинов билдирди.

«Бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында чет өлкөлөрдүн аскерлери жок», — деди Хусаинов.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолгон. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болгон.

Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев «террордук коркунучту жөнгө салуу» деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган.

Токаев 11-январда мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан. Аскерлер 13-январдан баштап чыгарыла баштаган жана жараян 10 күнгө чейин созулары кабарланган.