“Азия Молл” соода борборуна бомба коюлганы кабарланды

Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунда бомба коюлушу божомолдонууда. Бул тууралуу Ленин райондук милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

WhatsApp Image 2022 01 20 at 15.31.20 1 "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлганы кабарланды

Борбордун бардык соодагерлери эвакуацияланды.

Милиция аталган борборду курчоого алды, бирок соодагерлердин айтымында атайын окуулар жүргүзүлүп жаткандыгы айтылууда.

Борбордо жардыруучу зат коюлушу божомолдонууда.

Аталган жайга УКМК кызматкерлери да келген, жардыруучу затты издөө иштери жүрүп жатат.

Маалымат дагы кошумча берилет.