ИИМ министри: “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек”

ИИМ: Улан Ниязбеков Бишкек ШИИББнын 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышканын ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

WhatsApp Image 2022 01 20 at 17.01.36 ИИМ министри: “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек”

Бишкек ШИИББинде 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле 2022-жылга карата жаңы милдеттер жана максаттар белгиленди.

Аталган жыйынга барып катышкан ички иштер министри Улан Ниязбеков төмөндөгүлөргө токтолду. “Мен Бишкек шаары боюнча ички иштер органдарынын бир жылда аткарган ишмердигинде кандай жетишкендиктер орун алды, кандай кемчиликтер болду, кайсы көйгөйлөр бар экендигин жакшы билем. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ички иштер органдарынын функцияларына жыл сайын жаңы милдеттер кошулуп жатат.

WhatsApp Image 2022 01 20 at 17.01.37 ИИМ министри: “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек”

Анын ичинде элге сервистик тейлөө көрсөтүү, коомчулуктун турмуш-тиричилигине терс тасирин тийгизген кылмыштарга каршы күрөшүү, жарандардын үй-бүлөлүк, социалдык абалына кесепетин тийгизген жат көрүнүштөрдү алдын алуу милдеттери аткарылууда.
Заманбап функциялар ишке киргизилген мезгилде Бишкек шаарынан башталып, андан ары белгиленген тартип менен жер-жердеги ички иштер органдарында улантылууда.

WhatsApp Image 2022 01 20 at 17.01.36 1 ИИМ министри: “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек”

Жаңы жылдын алдында жаңы форма, жаңы технологиялык каражаттар менен жабдылган “Участкалык инспекторлор”, “Туристтик-экологиялык милиция” кызматтары Бишкек шаарында биринчи жолу ишке киргизилди. Андан тышкары, шаардын аймагында заманбап шарттары бар алты “Милициянын аймактык пункттары” курулуп, имараттар оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү жана башка дагы бир катар жакшы иштер аткарылды.


Бул эмгектердин аркасы менен элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга чоң өбөлгө түзүлөт деп ишенем. Бирок, жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да орун алды. Алар боюнча бул жерде катышып жаткан жетекчилерден жакында болуп өтө турган коллегияда сурайбыз. Эң негизгиси, элди сервистик тейлөөнү күчөтүп, милициянын ачыктыгын, эл үчүн кызмат кылып жаткандыгын көрсөтүп иш алып барыңыздар. “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек” деген принцип менен иш алып баруу ар бир кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Ал үчүн ар бир кызматкер акыйкат таза иштеши зарыл.

WhatsApp Image 2022 01 20 at 17.01.38 ИИМ министри: “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек”


Эң негизгиси сиздердин ишиңиздерде ар дайым ийгиликтер жаралышы үчүн бардык шарттарды түзөбүз, тактап айтканда быйыл милициянын имараттарын курабыз, кызматкерлер үчүн үйлөрду курабыз, айлык акыларды көтөрөбүз, материалдык-техникалык жактан ар тараптуу колдоолорду күчөтөбүз, санариптештирүүнун жаны этаптарына өтөбүз, биздин милиция заманбап жетишкендиктерден артта калбагандай ишмердүүлүктү колго алабыз”,- деди министр Улан Ниязбеков өз сөзүн аяктап жатып.